2021 -жылдын 25 - октябрында Берлин шаарында резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Дания Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Даниянын Ханышасы Маргрете II айымга ишеним грамотасын тапшырды

3032

2021 -жылдын 25 - октябрында Берлин шаарында резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Дания Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Даниянын Ханышасы Маргрете II айымга ишеним грамотасын тапшырды.

«Амалиенборг» падышалык сарайында ишеним грамоталарын тапшыруу салтанаттуу аземи аяктагандан кийин, Даниянын Ханышасы менен расмий жолугушуу өткөрүлүп анын жүрүшүндө Элчи Эрлан Абдылдаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун атынан жылуу салам жана жакшы каалоолорун айтты жана Кыргызстандын ички саясий жана экономикалык абалы тууралуу маалымат берди.   

Аудиенциянын жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Дания Королдугунун ортосундагы эки тараптуу саясий, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды .

Даниянын Ханышасы Маргрете II айым Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго эң жакшы каалоолорун айтып, өлкө элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.  Ошондой эле Элчи Эрлан Абдылдаевге кыргыз-даниялык эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо ийгиликтүү жана жемиштүү иштерди каалады.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK