Урматтуу мекендештер, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарынан жарандык жоопкерчилик көрсөтүү жана 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого жигердʏʏ катышууну суранат

3049

Урматтуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилиги Германия Федеративдʏʏ Республикасынын, Польша Республикасынын, Норвегия Королдугунун, Дания Королдугунун жана Швеция Королдугунун аймагында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынан жарандык жоопкерчилик көрсөтүү жана Германиянын аймагында төмөнкʏ тийиштʏʏ шайлоо участокторунун биринде 2021-жылдын 28-ноябрында саат 08.00-20.00 чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого жигердʏʏ катышууну суранат:

1. Кыргыз Республикасынын Берлин шаарындагы Элчилигинде (УШК № 9029), дареги: Otto-Suhr-Allee 146, 10585 Berlin.

2. Кыргыз Республикасынын Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттигинде (УШК № 9030), дареги: Brönnerstrasse 20, 60313 Frankfurt am Main.

3. Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Бонн шаарындагы бөлʏмʏндө (УШК № 9031), дареги: Ännchenstrasse 61, 53177 Bonn.

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин (Парламент) депутаттарын шайлоого катышуу ʏчʏн шайлоочулардын акыркы тизмелери шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталында - https://tizme.gov.kg/ жайгаштырылды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK