Кыргызстандын Германиядагы Элчисиси Эрлан Абдылдаев Германиянын ТИМинин «Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия» Рефератынын башчысы Анке Конрад менен жолугушту

2007

Ушул жылдын 3-февралында боло турган Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдʏʏ Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын утурлап, 2022-жылдын
31-январында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Элчиси Эрлан Абдылдаевдин Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия» Рефератынын башчысы Анке Конрад менен жолугушуусу болуп өттү жана анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери жана быйылкы юбилейлик жылда пландаштырылган иш-чаралар тууралуу талкууланды.

Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Германиянын ортосунда соода-экономикалык, каржы-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну ишке ашыруу маселелери, “Жашыл Борбор Азия” демилгесин ишке ашыруу, ошондой эле консулдук чөйрөдөгʏ кызматташуу маселелери тууралуу пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK