Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Абдылдаевдин миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз диаспорасына кайрылуусу
Урматтуу Мекендештер,
Бʏгʏн, 2022-жылдын 19-февралында мен Кыргыз Республикасынын ГерманияФедеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары кызматымды аяктап жатам. Ушуга байланыштуу, Сиздерге мен Элчи катары иштеп жаткан учурда Элчиликменен тыгыз жана ийгиликтʏʏ иш алып барганыӊыздар ʏчʏн тереӊ ыраазычылыгымды билдирем.
Сиздер менен бирге бир катар иш-чараларды жʏргʏздʏк. Сиздер менен болгон жолугушууларда биздин билимдʏʏ, ийгиликтʏʏ жана демилгелʏʏ жаштарыбыздын көп экендигине кʏбө болдум. Сиздердин алган билимиӊиздер жана тажрыйбаӊыздар мекенибиз ʏчʏн абдан керектʏʏ.
Сиздердин Кыргызстандын өнʏгʏшʏнө кошуп жаткан зор салымыӊыздар мындан ары да улантыла берет деп ишенем.
Учурдан пайдаланып, Сиздерге бекем ден соолук жана зор ийгиликтерди каалайм.
Урматтоо менен,
Эрлан Абдылдаев