Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Омурбек Текебаев Берлин шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери, ошондой эле «Кыргыз-Герман маданий коомунун» өкүлдөрү менен жолугушту

1678

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Омурбек Текебаев Элчи катары миссиясын Берлин шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери, ошондой эле «Кыргыз-Герман маданий коомунун» өкүлдөрү менен жолугушуусунан баштады. 

Аталган жолугушуу 2022-жылдын 11-мартында өткөрүлдү. 

Элчи Омурбек Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын ар кайсы тармактарына инвестицияларды тартуу жана өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өзүнүн пландары жана идеялары менен бөлүштү. Элчи Омурбек Текебаев Элчилик менен Германиядагы кыргыз диаспоранын ортосунда тыгыз кызматташтыкты улантуунун зарылдыгын белгилеп, мекендештерди өлкөгө инвестицияларды, жаңы технологияларды тартууга жана туристтик потенциалды жайылтууга активдүү көмөк көрсөтүүнү улантууга чакырды. 

Достук маанайда жолугушуунун учурунда мекендештер талкууга активдүү катышып, ар кандай маселелер, анын ичинде консулдук мүнөздөгү маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK