Ыйык Такты (Ватикан)

Кыргыз-Ватикан мамилелери

Ватикан 1992-жылдын 1-январында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн тааныган.
Кыргыз Республикасы менен Ватикан ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 27-августунда түзүлгөн.
Ватикандын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү резиденциясы Астана шаарында аккредиттелген.
Ватиканда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги аккредиттелген.
1992-жылы Бишкекке Ыйык Тактынын Кыргыз Республикасындагы Атайын өкүлү болуп дайындалган архиепископ Франческо Коласуонно келген.
1994-жылы Ыйык Тактын өкүлү архиепископ Мариан Олеш Бишкекте болгон.
1999-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Италия Республикасына расмий визити болуп, анын жүрүшүндө Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Рим Папасы Иоанн Павел II жана Мамлекеттик катчысы (өкмөт башчысы) Кардинал Содано менен жолугушуулар болгон. 
Кыргыз Республикасында Рим папасы Бенедикт XVI тарабынан негизделген католиктер үчүн Рим-католик апостолдук нунциатурасы бар.