2022-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Борбордук Азиянын Жерди прикладдык изилдɵɵ институтуна (БАЖПИИ) таанышуу сапары менен барып, анын тең-директору Болот Молдобеков менен жолугушту.

1113

Жолугушуунун жүрүшүндө БАЖПИИнин изилдөө ишмердүүлүгү жɵнʏндɵ маалымат көрсөтүлдү, ал төрт негизги багыт боюнча ишке ашырылат: Геодинамика жана геокатастрофалар; Климат, суу жана жаратылыш ресурстары; Мониторинг системалары жана маалыматтарды башкаруу; Эл аралык потенциалды жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү.

БАЖПИИнин көптөгөн илимий иштеп чыгуулары жана изилдөө долбоорлору чоң суроо-талапка ээ жана Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн негизги мааниге ээ экендиги өзгөчө белгиленди.

БАЖПИИнин Байкоочу кеңешинин мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев менен БАЖПИИнин тең-директору Болот Молдобеков германиялык жана башка өнөктөштөр менен биргелешип, ошондой эле Германиянын Тышкы иштер министрлигинин “Жашыл Борбордук Азия“ демилгесинин алкагында Институттун кызматташуусун жана долбоордук иш-аракеттерин мындан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK