2022-жылдын 20-октябрында Элчиликте Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Германиянын «CRISP e. V.» бейөкмөт уюмунун колдоосу менен Германияга Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген мугалимдердин тобу менен жолугушту.

1036

2022-жылдын 20-октябрында Элчиликте Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев Германиянын «CRISP e. V.» бейөкмөт уюмунун колдоосу менен Германияга Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген мугалимдердин тобу менен жолугушту. Бул уюм тынчтыкты колдоо, социалдык биримдик, жарандык коомдун катышуусу жана бекемделиши боюнча долбоорлорду жана тренингдерди өткөрөт.

Сапардын максаты Берлин шаарындагы студенттерге демократиялык билим берүүнүн жана катышуунун өз алдынча уюштурулган форматтарын ишке ашырууда колдоо көрсөткөн институттарга баруу жана алар менен иш мазмуну, ыкмалары жана уюштуруу структуралары жөнүндө өз ара маалымат алмашууну уюштуруу болуп саналат.

Долбоор «Тынчтык жана өнүгүү институту» (IPD) менен биргеликте ишке ашырылды, ал Кыргызстандын окуучуларын өлкөнүн мектептеринде «Тынчтык клубдарын» түзүүдө мектеп окуучуларын тынчтыкта жанаша жашоонун духунда тарбиялоодо, жекече жана интеллектуалдык өнүгүүдɵ жардам берет.

Элчи Ө.Ч.Текебаев өлкөнүн орто билим берүү мекемелеринде окуучуларды окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча өз оюн жана көз карашын айтып берип, мугалимдердин асыл иштеринде чоң ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK