2022-жылдын 22-октябрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Ө.Ч.Текебаев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору М.К.Чыныбаев жана аталган университеттин өкүлдөрү менен жолугушту.

978

Жолугушууда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана аталган университетке караштуу Кыргыз-герман техникалык институтунун Германиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуусунун учурдагы абалы, ошондой эле келечектеги пландары тууралуу талкууланды.

Элчи Ө.Ч.Текебаев квалификациялуу кадрларды даярдоо максатында билим берүү тармагындагы кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Элчилик буга тиешелүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK