21-ноябрда Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын Польша Республикасындагы Ардактуу консулу Я.Кшивошинский менен жолугушту.

761

21-ноябрда Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын Польша Республикасындагы Ардактуу консулу Я.Кшивошинский менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Польшада Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын маанилүү маселелери талкууланды. Анын ичинде экономикалык дипломатияны өнүктүрүү жана инвестиция тартуу, ошондой эле Польшанын экономикалык өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларды өткөрүү, мындан тышкары Кыргызстандын туризмин, маданиятын жана үрп-адатын жайылтуу боюнча бир катар милдеттер коюлду.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Элчи Өмүрбек Текебаев Ю.Кшивошинскийге Элчиликтин алдында турган милдеттерди аткарууга, анын ичинде 2022-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын жарандарын Украинадан эвакуациялоо учурунда көрсөткөн жигердүү жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Өмүрбек Текебаев КРнын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгын майрамдоого карата КРнын Ардактуу консулу кызматындагы сиңирген эмгеги үчүн медал тапшырды.

Ардактуу консул Ж.Кшивошинский өз кезегинде, ошондой эле Польшада Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда ага ишеним көрсөткөндүгү үчүн Элчиге жана КРнын Тышкы иштер министрлигине ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган милдеттерди турмушка ийгиликтуу ашыруу учун бардык куч-аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK