2023-жылдын 18-декабрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын Германиянын И.В.Гёте атындагы Институтунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Хайке Улих менен жолугушуусу болуп өттү

100

2023-жылдын 18-декабрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын Германиянын И.В.Гёте атындагы Институтунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Хайке Улих менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев катышты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде немис тилин үйрөнүүнү колдоо, анын ичинде тиешелүү окуу китептерин басып чыгаруу, немис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, тил практикасын жана маданий алмашууну бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасы менен Германиянын ортосундагы жаштардын алмашуу программаларын колдоо зарылдыгын белгиледи.

Хайке Улих Гёте атындагы Институт Ош шаарында немец тили боюнча экзамендерди тапшыруу жана эл аралык сертификат берүү үчүн Немис тилин окутуу борборун түзүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK