2024-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин төрагалыгы алдында “Жерди прикладдык изилдөөлөр боюнча Борбор Азия институтунун” (ЦАИИЗ) Фондунун Байкоочу кеңешинин 16-жыйыны болуп өттү. Жолугушуу Потсдамдагы Германиянын Жерди изилдөө борборунда болду

85

2024-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин төрагалыгы алдында “Жерди прикладдык изилдөөлөр боюнча Борбор Азия институтунун” (ЦАИИЗ) Фондунун Байкоочу кеңешинин 16-жыйыны болуп өттү. Жолугушуу Потсдамдагы Германиянын Жерди изилдөө борборунда болду. Ушул эле күнү германиялык тараптын төрагалыгы алдында ЦАИИЗдин уюштуруучулар кеңешинин жыйыны болду.

Иш-чараларга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары А.М.Мамбетов, ЦАИИЗдин директору Б.Д.Молдобеков, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору У.Т.Бегалиев катышты. Немис тараптан Потсдамдагы Гельмгольц борборунун илимий директору жана өкүлү – GFZ Германиянын геоилимдер борборунун профессору, доктор С.Буйтер, GFZ Административдик кеңешинин төрагасы доктор С.Шварце жана ЦАИИЗдин тең директору доктор О.Бенс катышты.

Элчи Өмүрбек Текебаев биринчи жолугушууда Кыргызстан жана Борбордук Азия үчүн мөңгүлөрдү изилдөөнүн стратегиялык маанисин жана анын глобалдык экологиялык коопсуздукка тийгизген таасирин баса белгиледи. ЦАИИЗ региондун илимий потенциалын чыңдоодо негизги ролду ойноп, климаттын өзгөрүүсүн жана сейсмикалык тобокелдиктерди адаптациялоо жана жумшартуу боюнча стратегияларды региондук гана эмес, глобалдык деңгээлде иштеп чыгууга олуттуу салым кошот деген ишеним айтылды.

ЦАИИЗ жана Германиянын геоилимдер борбору (GFZ) менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурулат, бул сейсмикалык мониторингди жана жер титирөөдөн эрте кабарлоо системаларын өнүктүрүүнү олуттуу түрдө жакшыртат, ошону менен Кыргызстандын жана бүтүндөй аймактын коопсуздугун, туруктуулугун жогорулатат.

Жолугушуунун катышуучулары институттун илимий ишмердүүлүгүн колдоого, ошондой эле экологиялык коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүгө багытталган глобалдык аракеттерге салым кошкон билим жана маалыматтар менен алмашууга даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK