2024-жылдын 22-январында Тюрингиянын Федералдык аймагынын Гота шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен «Хуго Майрих» мамлекеттик кесиптик билим берүү борборунун директору Уве Киршберг менен жолугушуусу болуп өттү

106

2024-жылдын 22-январында Тюрингиянын Федералдык аймагынын Гота шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен «Хуго Майрих» мамлекеттик кесиптик билим берүү борборунун директору Уве Киршберг менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар «Хуго Майрих» мамлекеттик кесиптик билим берүү борбору менен Кыргызстандагы кесиптик билим берүү окуу жайларынын ортосунда дуалдык билим берүү системасын колдонуу менен кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстанда кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүнүн, аларды Кыргызстанда же Германияда ишке орноштуруу максатында квалификациялуу кадрларды даярдоонун актуалдуулугун белгиледи.

Элчи атайын заманбап технологиялар менен жабдылган, студенттер тандалган багыттар боюнча теорияны үйрөнүп, практикалык сабактарды өтүүчү жайларга барды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Германиянын аталган билим берүү борбору менен Кыргызстандагы кесиптик билим берүү мекемелеринин ортосунда байланыштарды түзүү боюнча кызматташууну улантууга макулдугун билдиришти.

Маалымат үчүн: «Хуго Майрих» мамлекеттик кесиптик билим берүү борбору өнөр жайдын жана дасыккан кесиптердин өнөктөшү. Дуалдык окуу формасында жыгач, пластмасса, металл, автомобиль жана ортопедиялык жабдуулар боюнча өндүрүштүк-техникалык кесиптер кесиптик-техникалык окуу жайларында жана ишканаларында даярдалат. Күндүзгү окуу программасы аркылуу окуучулар орто билими тууралуу аттестат жана кесиптик окуу жайга кирүү үчүн квалификацияларды ала алышат. Бул окуу борборунда 1000 ашуун окуучу окуйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK