2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлигинин тышкы соода саясаты департаментинин директору Др. Доминик Шнихельс менен жолукту

243

2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлигинин тышкы соода саясаты департаментинин директору Др. Доминик Шнихельс менен жолукту.

         Жолугушууда Элчи Ө.Текебаев Кыргыз Республикасында өсүп жаткан экономикалык көрсөткүчтөр, анын ичинде Эл аралык валюталык фонд, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык каржы институттарыдын көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип, Кыргызстанда ири логистикалык жана энергетикалык долбоорлордун курулушу башталганын билдирди. Кыргыз Республикасын жана герман  компанияларын долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

         Тараптар кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгы тууралуу маселелерди талкуулашты, ошондой эле алдыдагы биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча пикир алышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK