Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги тарабынан 2020-жылдын 4-октябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине шайлоого байланыштуу иштер жүргүзүлүп жатат

4231

Элчилик өзүнүн www.mfa.gov.kg/berlin сайтында жана Facebook баракчасында https://www.facebook.com/BdKRinBRD алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу бардык маалыматтарды өз убагында жарыялады.

Мындан тышкары, шайлоочуларга түшүндүрүү иштери Германияда жергиликтүү гезиттерге, журналдарга жана электрондук басылмаларга тиешелүү маектерди, макалаларды жана басылмаларды жарыялоо аркылуу жүргүзүлдү. Мисалы, ушул жылдын 21-сентябрында Берлиндеги эң ири орус тилдүү «Берлиндик Телеграф» гезитинде макала жарыяланды https://berliner-telegraph.de/ru/4-oktyabrya-2020-goda-sostoyatsya-ocherednye-vybory-deputatov-parlamenta-kyrgyzskoj-respubliki/soobshheniya/. Ушул эле басылма шайлоо күнүн жеринде чагылдыруу үчүн Берлиндеги Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинде аккредиттелди.

28-сентябрда "Московский Комсомолец - Германия" гезитинде Кыргыз Республикасынын Франкфурт шаарындагы консулу Д.Төлөгөновдун маеги жарыяланды

https://www.mknews.de/social/2020/09/28/germaniya-krovnaya-svyaz-s-kyrgyzstanom.html

Консулдук агенттиктин тиешелүү жарыясы жергиликтүү «Neue Zeiten (Novoye Vremya)» ай сайынкы гезитинде No9 (231) да жарыяланды.

Мындан тышкары, Элчиликтин Бонндогу бөлүмүнүн буйрутмасы менен Telegraph NRW (Түндүк Рейн-Вестфалия) гезитинин №9 (134) сентябрь айнын чыгарылышында шайлоо тууралуу маалымат жарыяланды.

Ага кошумча түшүндүрүү иштери Германиядагы кыргызстандыктардын WhatsApp топтору жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жана Франкфурт, Бонн шаарларындагы консулдук мекемелеринин Facebook баракчалары аркылуу жүргүзүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK