Министр Ч.Айдарбековдун Эл аралык валюта фондунун Аткаруучу директору П.Индербинен менен жолугушуусу болду

6343

2019-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык валюта фондунун Аткаруучу директору Пол Индербинен менен жолугушту.
Тараптар экономикалык жана социалдык өнүгүү жаатында КР Өкмөтүнүн таштап жаткан кадамдарына басым жасоо менен Кыргыз Республикасындагы экономикалык абалды талкуулашты. Экономикада позитивдүү макроэкономикалык көрсөткүчтөр белгиленди.
Курчап турган чөйрөнү коргоо, жол инфратүзүмүн жакшыртуу, ошондой эле өлкөнүн гидроэнергетикалык дараметин жана региондорун өнүктүрүү чөйрөлөрүндө кыргыз тарабы көрүп жаткан чаралар талкуунун өзүнчө предмети болду.
Тараптар Кыргызстандын Эл аралык валюта фонду менен диалогун мындан ары ары дагы ар тараптуу өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK