Министр Чыңгыз Айдарбеков АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча Жардамчысы Элис Уэллс менен жолугушту

3674

2019-жылдын 1-октябрында АКШга жумушчу сапарынын алкагында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча Жардамчысы Элис Уэллс менен жолугушуусу болду.
Маектешүүчүлөр эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча эки өлкөнүн биргелешкен аракеттеринин акыркы убактарда активдешүүсүн белгилешти.
Бул контекстте ушул жылдын 31-июлунда Бишкекте өткөн Ар жылдык эки тараптуу кыргыз-америка консультацияларынын кезектеги раундунун жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылуусунун жүрүшү талкууланды.
Ошондой эле ушул жылдын февраль айында Э.Уэллстин Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыктары талкууланды. Ал сапардын алкагында К.Бакиевдин үй-бүлөсү тарабынан 4,6 млн. АКШ доллары суммасындагы мыйзамсыз чыгарылган активдерди Кыргызстанга кайтарып берүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюлган.
Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча кызматташууну мындан ары жигердештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK