Канада өлкөсүндө жашаган Кыргызстандын жарандарына Кыргыз Республикасынын Элчилигинин консулдук тейлөө иштери жүргүзүү тууралуу маалымат

6229

2020-жылдын 10-мартында Канаданын Онтарио провинциясындагы Оттава шаарында Элчилик тарабынан Канада өлкөсүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт.

Иш-чаранын дареги: 150 Hazel St., Ottawa, K1S 5T8 Canada.

Убактысы: 10-мартында – саат 10-00дөн 18-00гө чейин.

Бул жолугушууда тийиштүү консулдук кызмат алууга мүмкүнчүлүк болот (чет өлкөгө чыгуу паспортун жаңылоо, нотариалдык кызматтар, Мекенине кайтуу күбөлүгүн, туулгандыгы тууралуу күбөлүк тариздөө үчүн документ тапшыруу). Ушуга байланыштуу Элчиликтин веб-сайтынан өзүңүздөргө тиешелүү маселелер боюнча маалымат алып, жана керектүү документтер менен жолугушууга келсеңиздер болот.

Ошону менен бирге, 10-мартында саат 18.00дө Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчиси Б.Отунбаевдин Канадада жагашан кыргызстандыктар менен жолугушуу пландаштырылып турат.

Консулдук тейлөө иштери жүргүзүлө турган дареги өзгөрүлүшү мүмкүн, ошондуктан консулдук тейлөө жана жолугушууга катышууңуз тууралуу +1 (202) 449-9823 жана +1 (202) 256-2924 телефондору, же kgconsul@kgembassy.org электрондук почта аркылуу билдирип коюунузду өтүнөбүз.

Мындан сырткары, Канадага башка консулдук чыгуу 2020-жылдын аягына чейин пландаштырылган эмес. Ошону менен бирге биз сиздерди 2360 Massachusetts Ave NW, Washington, DC, USA, 20008 дареги боюнча жайгашкан КРнын АКШ жана Канададагы Элчилигинде кабыл алууга даярбыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK