Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режимин 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартуу жөнүндө Жарлыкка кол койду
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылууда.
Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.