Урматтуу мекендештер, кесиптештер жана достор!

4843

Биздин үй-бүлөбүз үчүн ушул кайгылуу күндөрдө, апам - Салийка Даниярованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көптөгөн көңүл айтуу каттарды, билдирүүлөрдү алдык.

Телеграммалар, массалык маалымат каражаттар жана социалдык тармактар ​​аркылуу апам жөнүндө көптөгөн ачык жана жылуу сөздөрдү айттыңыздар.

Ал сегиз баланы, ондогон неберелерин жана чөбөрөлөрүн гана эмес, ошондой эле бир катар коомдук жана мамлекеттик ишмерлерди, атактуу спортсмендерди тарбиялаган. Анын жаркын элеси аны билгендердин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат деп ишенем.

Ушул оор күндөрдө, кайгы-муңубузду бөлүшкөн, менин жана үй-бүлөмдүн жанында болгон адамдардын баардыгына чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Сиздер ушул оор учурларда биздин кайраттулугубузду бекемдедиңиздер.

Сиздердин үй-бүлөңүз жана жакындарыңыз аман болушсун.

 

 

Урматтоо менен,

Б. Отунбаев

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы

Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK