2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тууралуу

5956

 

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү маселеси боюнча төмөнкүнү билдиребиз.

Азыркы убакытта АШК жана Канадада жүргөн же жашап жатышкан адамдардын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №9034 шайлоо участогун бекитти (Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги).

Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн жарандардын бардыгы, тиешелүү участоктун шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Биометрикалык каттоодон Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилигинде отсо болот.

Добуш берүүчү күнү Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн бирок консулдук каттоодон өтпөгөн шайлоочулар, чет өлкөдөгү жашаган же жүргөн жериндеги шайлоо участогуна (форма 2 боюнча) добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. Бул учурда КР чет өлкөдөгү мекемеси арыз түшкөндө шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого тургузат. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн убакытта жасалат. Арыз шайлоо күнүнө чейин 15 календарлык күн калгандан (20-сентябрга чейин) кечиктирилбестен берилиш керек.

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында жайгашкан,

Эгер ката, так эместик табылса, же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, ушул эле аралыкта (20-сентябрга чейин) шайлоо комиссиясынын участогуна №1 формасындагы арыз менен кайрылуу зарыл.

 № 1 жана №2 формасындагы арыздар:

 1. Шайлоо участогунда, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өткөндөн кийин берилет.

 2. ЖеШайлоочунун кабинетимамлекеттик порталынын сервиси аркылуу электрондук форматта тапшырылып, бул учурда шайлоочу талап кылынган формадагы авторизациялоодон өтөт.

Шайлочунун арызына, жооп кагаз же электрондук билдирүү түрүндө, келип түшкөн күндөн тартып 7 календарлык күндөн кечиктирилбестен тиешелүү комиссия шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн дарегине же электрондук дарегине жөнөтүлөт.

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогунда акыркы тизме илинет.

Тизмелер шайлоо ортосундагы аралыкта ай сайын, ал эми шайлоо мезгилинде күн сайын жаңыртылып турат.

Добуш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, кызматтык же дипломатиялык паспорту болуусу зарыл.

 №9034 шайлоо участогундагы (Вашингтон шаары, АКШ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин бул жерден текшерсеңиздер болот https://mfa.gov.kg/uploads/content/7759/c41b5a1d-2176-305a-a69b-8363202422cf.pdf

ФОРМА-1: Шилтеме   

ФОРМА-2: Шилтеме

Консулдук каттоо: https://mfa.gov.kg/kg/dm/kyrgyz-respublikasynyn-aksh-zhana-kanadadagy-elchiligi-5ee07471a70c5/menyu---inostrannoe/konsulduk-maseleler/konsulduk-kattoo/onsulduk-kattoo-5c3dfb20d497a

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK