Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматтарды көрсөтүүдө алынуучу каражаттардын чендери кайрадан каралып чыккандыгы жөнүндө маалыматтык билдирүүсү

3499

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2021-жылдын 5-мартында кабыл алынган № 74 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук жыйымдар жөнүндө» Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык консулдук кызматтарды көрсөтүүдө алынуучу каражаттардын чендери кайрадан каралып чыккандыгын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көрсөтүлгөн токтому 2021-жылдын 20-мартында күчүнө кирет.

Жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жүргөн жарандарына 2021-жылдын 20-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын – паспортун (ID-карта) тариздөө (алмаштыруу) үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кайрылууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мурда чет өлкөлөрдө КРдин жалпы жарандык (чет өлкөгө чыгуу) паспорту гана таризделип келгендигин белгилей кетүү зарыл.

Көрүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарына максималдуу түрдө көмөк көрсөтүүгө жана аларга ал жакта жүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK