Кулактандыруу – Жарыя!!!
Урматтуу АКШнында жашаган
Кыргыз Республикасынын жарандары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, жаңы чакырылыштын депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.
Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамына ылайык шайлоого чейин биометрикалык маалыматын тапшырган жана Элчиликте консулдук каттоого турган атуулдар гана добуш берүүгө катыша алышат. Кимде ким биометрикалык маалыматын тапшырбаса жана консулдук каттоого турбаса, шайлоого катыша албай калат.
Элчилик кыргызстандыктарга парламенттик шайлоого чейин жоопкерчиликтүү жарандык позицияны көрсөтүү жана сайтта (https://tizme.gov.kg) шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүү өтүнүчү менен кайрылат. Сиздин маалыматтарыңыз жок же каталар бар болсо, тез арада Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнө кайрылыңыз.
Адрес: 2360, Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008
Телефон: +1 (202) 256-2924
Электрондук дарек: kgembassy.usa@mfa.gov.kg