АКШнын Монтана штатынан Кыргызстанга эт багытындагы ангус жана вагю породаларын жайылтуу макулдашылды

2985

2022-жылдын 6-8-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Монтана штатынын борбору Хелена шаарына жумушчу иш сапары менен барды.  Иш сапардын жүрүшүндө Бакыт Аманбаев Монтана штатынын губернатору Грег Джанфорте, Монтана Улуттук гвардиясынын башчысы Джон Кронек ошондой эле Монатана штатынын Айыл чарба, Коммерция, Туризм жана Курчап турган чөйрө департаменттеринин башчылары менен өз өзүнчө жолугушууларды өткөрүп,  эки тараптуу мамилени чыңдоо багытында кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Монтана штатынын жогорку даражалуу жетекчилери менен жумушчу байланыштар түзүлүп, Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектри талкууланды. Элчи Бакыт Аманбаев америкалык тарапка өлкөнүн саясий жана экономикалык багыттары, Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жетекчилигинде жүргүзүлүп жаткан саясий реформалардын маңызы жана кыргыз бийлигинин экономикалык артыкчылыктуу багыттары  тууралуу маалымат берди.  Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Монтанын ортосундагы  социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташууну жакшыртуунун, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы парламенттик өз ара алаканы активдештирүүнүн жолдорун талкуулашты. Жолугушуу учурунда ошондой эле Кыргыз Республикасы менен  Монтана штатынын ортосунда  жалпы айыл чарба тармагы, анын ичинде мал чарбасын өнүктүрүү, туризм, энергетика, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциалдарын толук колдонуунун жолдору   талкуланды. Моната штатынын туризм департаменти менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле кылымдарды карыткан кыргыз каада салтын, тамак ашын жана кол өнөрчүлүгүн чагылдыруу боюнча «Супара» компаниясынын башчысы Жаңылсынзат Турганбаеванын көмөгү менен атайын туристтик стенд уюштурулуп көрсөтүлдү.

Монтана шатынын жетекчилиги Кыргыз Республикасы менен жогоруда айтылган бардык тармактар боюнча кызматташууга жана келечекте жогорудагы белгиленген багыттар  боюнча биргелешип конкретүү пракикалык иш чараларды алып барууга даяр экендигин билдиришти. Жолугушуунун натыйжасында Монтана жетекчилиги менен аталган штаттан эт жана сүт багытындагы уйлардын дүйнөлүк породаларын Кыргыз Республикасына жайылтуу боюнча макулдашылды. Тагыраак айтканда, эт багытындагы дүйнөлүк деңгээлдеги эң мыкты ангус жана вагю породаларындагы уйлардын тоңдурулган уруктарын Кыргыз Республикасына алып келип жайылтуу, эмбрион трансплантациялоочу заманбап жабдууларды алуу жана бул багытта практикалык тажрыйбалар менен бөлүшүп, аталган тармакта иш алып барган министрликтер жана дыйкандар аралык карым-катнашты чыңдап, тажрыйба алмашуу  боюнча өз ара макулдашылды.

Маалымат үчүн: Салттуу түрдө Монтанадагы айыл чарбасынын эң маанилүү тармагы эт багытындагы асыл тукум малды өстүрүү болуп саналат. Монтананын негизги айыл чарба өсүмдүктөрү - буудай, арпа, буурчак, картошка жана кант кызылчасы. Штатта эт, сүт, дан, кант кызылчасын кайра иштетүү менен бирге сүт өндүрүү чарбачылыгы жана тамак-аш өнөр жайы жакшы  өнүккөн.

Монтана штатынын экономикасынын эң маанилүү багыты болгон туризм тармагы жыл сайын миллиондогон туристтерди кабыл алат. Бул штат табигый жана тарыхый бир нече абдан популярдуу туристтик жайлардын мекени болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK