АКШдан жана Канададан Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо тууралуу

6036

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында, 2020-жылдын 23-майында АКШ жана Канададан Франкфурт-на-Майне (Германия) шаары аркылуу эвакуацияланган 146 кыргыз жарандары Бишкекке келди.

COVID-19 пандемиясынын кесепетинен дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп бараткандыгына байланыштуу, дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө билим берүү мекемелери карантинге байланыштуу жабылганы белгилүү. Ушуну эске алуу менен, көптөгөн кыргыз студенттери, анын ичинде АКШ жана Канададагы кыргызстандык студенттер, Кыргызстанга эвакуациялоого жардам сурап кайрылышкан. Бул чартердик рейс Болочок лидерлер алмашуу программасынын (FLEX) катышуучуларына, ошондой эле АКШда жана Канадада билим берүү программаларынын алкагындагы студенттерге жана мектеп окуучуларына кайтып келүү үчүн АКШ тарабынан уюштурулган.

Ушуну менен бирге Элчиликтин жакынкы аралыкта Кыргызстанга кайтып кетүүгө ниеттенген Кыргыз Республикасынын жарандар тизмесинде туристтик, жумушчу визаларынын негизинде жана туруктуу жашаган макамына ээ жарандар дагы эле бар экенин маалымдайбыз. Ошондой эле тизмеде каржылык жана башка себептерден улам, Франкфурт-на-Майне аркылуу чартердик рейс менен уча албай калган студенттер бар.

Элчилик буга чейин биздин тизмеге кирген жарандарга Кыргызстанга жакынкы арада боло турган рейстер жөнүндө толук маалыматты персоналдык түрдө ала тургандыгына көңүл бурат.

Элчилик Кыргызстанга кайтып кетүүнү каалаган жарандардын тизмесин түзүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүнү жана маалымат чогултууну улантууда. Ушуга байланыштуу биздин Кыргызстанга кетүүго ниеттенген  жарандарыбызды жогоруда аталган  Элчиликтин тизмесине кирүү үчүн kgconsul@kgembassy.org жана kgembassy.usa@mfa.gov.kg электрондук почталарына маалымат жиберүүсүн суранабыз.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматты Элчиликтин веб-сайтынан жана социалдык тармактардагы баракчаларынан (Facebook, Twitter, Instagram) табууга болот, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурда  байланышуу үчүн кызматкерлер тууралуу маалыматтыр жайгашкан.

 

Чыдамдуулук жана түшүнгөнүңүз үчүн рахмат!

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK