Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев менен АКШнын Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Д.Хэник менен сүйлөшүүсү тууралуу

4246

2020-жылынын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев менен АКШнын Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Д.Хэниктин ортосунда сүйлөшүү болуп өттү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө америкалык тарапка Кыргыз Республикасында болуп жаткан окуялар жөнүндө маалымат берилип, реформаларга АКШ тарабынын колдоосунун маанилүүлүгү белгиленди.

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Д.Хэник белгилегендей, АКШ Кыргыз Республикасындагы кырдаалды тыкыр байкап турат. Д.Хеник Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасын демократиялык реформаларды андан ары улантууда колдой тургандыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев америкалык тарапка коронавирус эпидемиясына каршы күрөштө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, ушул багытта биргелешкен иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев виза чектөөлөрүн алып салуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Америкалык тарап койгон шарттарды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан эбегейсиз зор жумуштар аткарылгандыгы белгиленди, анын ичинде биометрикалык паспортторду киргизүү, алардын үлгүлөрү 2020-жылынын октябрь айынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан иштелип чыккандыгы белгиленди.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Д.Хэник визалык чектөөлөрдү алып салуу чечимин АКШ Президентинин Администрациясы кабыл алгандыгын айтты. АКШнын Мамлекеттик департаменти өз кезегинде АКШнын «Ак үйүнө», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттери жөнүндө маалымат жөнөткөн жана ошондой эле бул маселе боюнча чечим кабыл алууну күтүп жатканын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK