Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Отунбаев Борбордук Азия мамлекеттеринин элчилеринин катышуусу менен Түштүк жана Борбордук Азия маселелери боюнча АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Биринчи орун басары Элис Уэллс айым менен жолугушууда катышты

7078

2019-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Элчиси Б.Отунбаев Борбордук Азия мамлекеттеринин АКШдагы элчилеринин катышуусу менен Туштук жана Борбордук Азия маселелери боюнча АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс жана ошондой эле жаныдан дайындалган Борбордук Азия маселелери боюнча Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Джонатан Хеник менен болгон жолугушууда катышты.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө АКШ менен регионалдык кызматташуунун абалы жана мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде С5+1 жана ТИФА ошондой эле башка эл аралык форматтардын алкагында маселелер талкууланды.

Ошондой эле кыска жана узак мөөнөттүү келечекте кызматташуу боюнча биргелешкен пландар жана июнь айында өтүүчү Жогорку даражадагы С5+1 форматында коопсуздук маселелери боюнча жолугушуу талкууланды.

Жолугушуунун аягында Борбордук Азия мамлекеттеринин элчилери Дж.Хеникти жогорку кызматка дайындалышы менен чын жүрөктөн куттукташып, ишине ийгиликтерди каалашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK