Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту

2423

2022-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту. Жолугушуу учурунда кыргыз-америка эки тараптуу мамилелеринин орунттуу учурлары жана анын чечүүнүн жолдору, ошондой эле  ушул жылдын сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында өтүүчү жогорку деңгээлдеги боло турган жолугушууларды ийгиликтүү уюштуруу тууралуу маселелер талкууга алынды.  

Жолугушуу учурунда Элчи Бакыт Аманбаев үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Кыргызстандын төрагалыгы астында Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунда талкууланган маселелер, жыйынтыктары жана мааниси тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары элчи мырза кыргыз бийлиги Президент Садыр Жапаровдун дүйнө жүзүндөгү тоолуу өлкөлөрдөгү эң башкы көйгөйлөрдү чечүү макстында БУУнун деңгээлдинде «2022 -жылды Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы» деп жарыялаган демилгесинин алкагында сентбярь айынын соңунда Нью-Йорк шаарында жогорку деңгээлдеги жыйын өткөрүүнү пландаштырып жаткандыгын белгилеп,  аны натыйжалуу  өткөрүүгө жана Кыргыз Республикасынын тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү боюнча бардык демилелерин колдоого чакырды. 

Ошондой Элчи Бакыт Аманбаев соңку айлары Украиндагы кырдаалга байланыштуу бир катар кыргызстандык компаниялардын акчалары америкалык банктар тарабынан кармалып жаткандыгын белгилеп, аны чечүүгө жакындан жардам берүүнү өтүндү. 

АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн алдын алуу америка бийлигинин эң башкы саясатынын бири экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнүн алкагында тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүн көтөрүүсүн ар тараптуу колдой тургандыгын кошумчалады. Ошондой эле ал өз сөзүндө эл аралык санкциялардан жабыркаган кыргызстандык компаниялардын көйгөйүн чечүүгө жарадам берүү боюнча жоопкерчиликтүү кызматкерге тапшырма берди. 

Маалымат үчүн: Дональд Лу - АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча  жардамчысы милдети аткарып,  АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча бюросун жетектейт.  Доналдьд Лу АКШнын тышкы саясатында америка менен төмөнкү өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерге жооптуу:  Афганистан, Бангладеш, Бутан, Индия, Кыргызстан, Казакстан, Мальдив аралдары, Непал, Пакистан, Шри-Ланка, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK