Көңүл буруңуздар! Көңүл буруңуздар! Көңүл буруңуздар!

1890

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги Кыргызстандагы IT тармагындагы адистердин башын бириктирген High Technology Park, Kyrgyz Software and Services Developers' Association, USAID and BTCA менен биргеликте 2022-жылдын 13-сентябрында Борбордук Азия-Америка Эл аралык IT-форумун уюштурууда. Иш чара Нью-Йорк шаарындагы Рузвельт аралындагы Cornell Tech имаратында өткөрүлөт. 

Форумга АКШнын Мамлекеттик департаментинин жогорку кызмат өкүлү, чет мамлекеттердин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери, Американын Microsoft, Google, Starlink жана Amazon сыяктуу ири компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын, Өзбекстандын жана Казакстандын алдыңкы IT-компанияларынын жетекчилери катышат. 

Иш-чаранын негизги максаты - Борбордук Азиянын маалыматтык технология жаатындагы жетишкендиктерин дүйнөлүк коомчулукка тааныштыруу, жаңы өнөктөштөрдү табуу менен келечекте эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жетишүү болуп саналат. 

Урматтуу мекендештер, ата мекенибизде IT тармагын ар тараптуу  өнүктүрүү, бул тармактагы адистердин санын көбөйтүү жана келечекте Кыргызстанды Борбордук Азиядагы IT борборго айландыруу максатында өткөрүлүп жаткан иш чарага баарыңыздарды келип катышууга чакырабыз. 

Иш-чарага катышуу үчүн https://kssda.kg/itforum сайтынан катталуу керек.

Байланыш телефону: +1 202 449 9825

 


 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK