Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Б.Отунбаев Улуу Даражалуу Ага Хандын Туруктуу өкүлү жана Өнүктүрүү боюнча Ага-Хандын уюму Махмуд Эбуу менен жолугушуусу тууралуу
2020-жылдын 10-мартында Канаданын Оттава шаарында, Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Улуу Даражалуу Ага Хандын Туруктуу өкүлү жана Өнүктүрүү боюнча Ага-Хандын уюмунун өкүлү Махмуд Эбуу менен жолугушту.
Эки тарап Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан кабыл алынган коомдук-экономикалык проблемаларды жана иш-чараларды талкуулашты. Бул жагынан алып караганда, алар Өнүктүрүү боюнча Ага-Хандын уюмунун коомдук-экономикалык, маданий жана гуманитардык өнүгүүнүн өлкөдөгү программаларын, өзгөчө тоолуу аймактар жана жарандык коомдун өнүгүшүнө ишке ашыруунун маанисин баса белгилишти.
Элчи Б.Отунбаев Ага-Хан Фонду тарабынан билим берүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду алдыга жылдыруу үчүн Кара-Кулжадагы бала бакчаларды ремонттоого жардам көрсөтүлгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Катышуучулар Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн Ага Хан Фондунун долбоорлору менен программалары улантыла берет деген ишенимин билдиришти.