АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги Бишкек шаарын ыштан тазалоого жардам берет 

1794

2022-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин администраторунун  орун басары Анжали Каур менен жолугушу өткөрдү. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстанга берилип жаткан жардамдардын натыйжалуулугун күчөтүүнүн айланасында пикир алмашуу болду. Бакыт Аманбаев Кыргыз Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен Кыргызстанды эле эмес, жалпы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган, соңку отуз жылда ишке ашырылбаган ири долбооорлор ишке ашырыла баштагындыгын белгилеп, андай долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин чечмелеп берди.  Ошондой эле Бакыт Аманбаев Кыргызстандын өзгөчө жардамга муктаж болгон тармактарын ырааттуу, негиздүү түшүндүрүп, АКШ өкмөтү тарабынан бериле турган жардамдардын баарын Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана борбор калаа Бишкектин аба ырайын жакшыртууга буруу зарылдыгын белгиледи. 

Америкалык тарап элчи Б.Аманбаевдин сунуштарын колдоо менен өткөн айда АКШ бийлиги  Баткен элине бир учак толо баш аягы 8 млн.сомдук гуманитардык жардам жеткиргендигин белгилеп, АКШ өкмөтү жакынкы күндөрү Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча атайын долбоор баштап, баш калаанын абасын тазалоого жарадам берилээрин маалымдады. 

Маалымат үчүн: USAID – Эл аралык өнүктүрүү агенттиги дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык агенттик. Аталган агенттик АКШнын Өкмөтү тарабынан каржыланып, дүйнө жүзү боюнча адам өмүрүн сактоо, жакырчылыкты азайтуу, демократиялык башкарууну чыңдоо, табигый кырсыктарды жою, жардамга муктаж өлкөлөрдү ар кандай гуманитардык кризистерден чыгарууга көмөктөшүү багытында ири долбоорлорду ишке ашырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK