АКШнын Мамлекеттик департаментинде Кыргызстандын маданият күнүн өткөрүү маселеси талкууланды

1281

16-ноябрда Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Американын Тышкы Кызмат Ассоциациясынын Программасынын Төрайымы Шейла Свитзер менен жолугушту. Жолугушууда элчи мырза кыргыз эли дүйнөдөгү эң байыркы элдердин бири экендигин айтып, кыргыздардын кылымдарды карыткан бай каада-салтын, музыкасын, улуттук маданиятын дүйнө элдерине даңазалоо максатында АКШнын Мамлекеттик департаменти менен биргелешип маданий иш чара уюштурууну сунуш кылды.

 Талкуунун жүрүшүндө Бакыт Аманбаев маданий иш чараны кантип өткөрүүнүн болжолдуу пландары менен тааныштырды. Иш чарага кеңесеси Вашингтондо жайгашкан бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү, эл аралык уюмдардын жана бийлик өкүлдөрүн чакырып, кыргыздын улуттук музыкалык аспабы комуз, комуз күүлөрүн тартуулоо, «Кара жорго» кыргыз бийин бийлөө, «Манас» эпосу жана манас айтуу, кыргыз элинин уникалдуу көркөм кол өнөрчүлүгү (кийиз өнөрү, токуу, оймо сайма, булгаарыдан жасалган буюмдар ж.б.) жөнүндө фильмдин көрсөтүү ошондой эле иш чаранын соңунда кыргыз дизайнерлеринин мода коллекцияларын тартуулоо сунушталды. 

Америка тарап элчинин жогорудагыдай сунушун колдоо менен иш чараны өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүүну убада кылды. Иш ара келээрки жаз же күз айлары өткөрүү пландаштырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK