Кыргыз жарандарына АКШна виза берүүнү жеңилдетүү маселеси талкууланды

1402

2022-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лэсли Вигери менен жолугушту. Жолугушууда Б.Аманбаев кесиптешин жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилени жакшыртуу тууралуу кеңири пикир алмашышты. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Бакыт Аманбаев Кыргызстанда соңку мезгилдери оорун алган окуялар, өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттары, актуалдуу муктаждыктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун карапайым элдин жашоо турмушун жана республиканын социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле элчи Бакыт Аманбаев АКШнын Бишкектеги элчилигинде Америкага виза алуу үчүн Кыргызстандын жарандары узун кезекке туруп жаткандыгын айтып, кыргыз жарандарына визаны берүүнү жеңилдетүүгө  көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, туристтик визанын мөөнөтүн беш жылга эмес, он жылга узартуу зарылдыгын белгиледи. 

АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Л.Вигери эки тараптуу мамилени жакшыртууга болгон аракетин жумшай тургандыгын билдирип, кыргыз тараптын суроо-талаптарын кылдаттык менен карап чыгып,  кошумча жооп берүүнү убадалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK