КОНСУЛДУК КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ АЛЫНУУЧУ КАРАЖАТТАРДЫН ЧЕНДЕРИ КАЙРАДАН КАРАЛЫП ЧЫККАНДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

3137

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2021-жылдын 5-мартында кабыл алынган № 74 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук жыйымдар жөнүндө» Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык консулдук кызматтарды көрсөтүүдө алынуучу каражаттардын чендери кайрадан каралып чыккандыгы жөнүндө кубаныч менен маалымдайбыз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көрсөтүлгөн токтому эртең - 2021-жылдын 20-мартында күчүнө кирет.

Жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жүргөн жарандарына Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын – паспортун (ID-карта) тариздөө (алмаштыруу) үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кайрылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мурда чет өлкөлөрдө КРдин жалпы жарандык (чет өлкөгө чыгуу) паспорту гана таризделип келгендигин белгилей кетүү зарыл.

Көрүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарына максималдуу түрдө көмөк көрсөтүүгө жана аларга ал жакта жүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK