Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин эл аралык Нооруз майрамын майрамдоо тууралуу пресс-релизи

3547

 

2021-жылы 19-мартында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилиги Азербайжан, Афганистан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте эл аралык Нооруз майрамына карата чогуу уюштурулган виртуалдык форматтагы майрамдык иш-чарага катышты. Иш-чараны америкалык Meridian International Center жана Oxus Society аналитикалык борборлору алып барышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Э.Блинкен, Ак үйдүн, Конгресстин, Коргоо министрлигинин, АКШнын Соода министрлигинин жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү Нооруз майрамы менен куттуктоолорун билдиришти.

Элчи Б.Отунбаев өз сөзүндө иш-чаранын бардык катышуучуларын, анын ичинде мекендештерибизди жаркыраган жаздын, биримдиктин жана бакубаттуулуктун символу болгон Нооруз майрамы менен куттуктады, ошондой эле аларга ден-соолук жана бардык жакшылыктарды, ал эми бардык өлкөлөргө бакубатчылык каалады. Элчи Б.Отунбаев белгилегендей, Нооруз өз ара урматтоого жана тынчтыктын жана жакшы коңшулуктун идеалдарына негизделген элдердин ортосундагы байланыштарды чыңдоодо чоң роль ойнойт.

Иш-чаранын жүрүшүндө Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Э.Сон сөз сүйлөп, кыргыз-америка соода-экономикалык кызматташтыгынын жана алдыдагы негизги багыттарын белгиледи.

Иш-чаранын катышуучуларына жана америкалык өнөктөштөргө Борбордук Азия, Азербайжан жана Афганистан өлкөлөрүнөн элчиликтеринин атынын улуттук тамак-аш жана таттуулар камтылган майрамдык себет тартууланды.

Маданий программанын алкагында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилиги Кыргызстандын элдеринин каада-салты, турмушу, маданий баалуулуктары жана кол өнөрчүлүгү жөнүндө видеотасмаларды тартуулады.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK