Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Б.Шакировдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы боюнча пресс-релизи

3574

Көптөгөн жылдар бою Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматына эмгегин арнаган мыкты досубуз жана кесиптешибиз Шакиров Бахтияр Алдаяровичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Бул Кыргызстандын бүтүндөй дипломатиялык кызматы үчүн орду толгус жоготуу.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин кызматкерлеринин атынан жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтам. Б.Шакировдун жаркын элеси Кыргызстандын татыктуу уулу жана эң мыкты инсан катары биздин эсибизде жана жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

 

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы

Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи

Б. Отунбаев,

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин жамааты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK