Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу жылдык Улуттук ибадат тамагына катышты

8710

 

2019-жылдын 4-8-февралында Конгресстин мүчөлөрүнүн чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Бакыт Төрөбаев, Алмамбет Шыкмаматов, Жылдыз Мусабекова, Нурбек Алимбеков, Улугбек Ормонов, Абдыбек Дюшалиев жана Пархат Тулендыбаевдын АКШга иш сапары болду.

Иш сапар АКШ Конгрессинин мүчөлөрү тарабынан уюштурулган Улуттук ибадат тамагына катышуу алкагында өттү. Аталган ибадат тамакка ошондой эле АКШ президенти Д.Трамп, анын орун басары М.Пенс, АКШ өкүлдөр палатасынын спикери Н.Пелоси,  Өкмөттүн жана АКШ Конгрессинин мүчөлөрү, ошондой эле 140 өлкөдөн ашкан парламент, ишкерлер жана диний өкүлдөрү катышты.

Иш сапардын жүрүшүндө, Жогорку Кеңештин депутаттары АКШ Конгрессинин өкүлдөрү палатасынын Тышкы иштер боюнча комитетинин мүчөсү Дина Тайтус, "Демократия үчүн өнөктөштүк" комиссиясынын жетекчилигинин өкүлдөрү, анын ичинде, аталган комиссиянын төрагасы конгрессмен Д.Прайс, Конгресс китепканасынын "Ачык дүйнө" программасынын кызматкерлери менен талкуулар болуп өттү. Мындан тышкары Улуттук ибадат тамагына катышуунун алкагындагы жолугушуулар учурунда кыргыз-америка парламент кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, парламенттик өз ара иш сапарлары,  Кыргызстандагы демократиялык жараяндар үчүн дареметти арттырууга жана колдоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз тарабынын демократияны өнүктүрүү жана парламентаризмди бекемдөө боюнча биргелешкен күч-аракеттери боюнча маалымат беришти, ошондой эле АКШ конгрессмендерин ыңгайлуу убакытта Кыргыз Республикасына иш сапар менен келишине чакырышты.

Вашингтон шаарында болгон иш сапары учурунда Жогорку Кеңешинин депутаттары АКШнын ар башка шаарларында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана мекендештери менен жолугушту.

Улуттук ибадат тамагы - АКШнын Президентинин катышуусу менен февраль айынын биринчи бейшемби күнү 1953-жылдан бери өтө турган ар жылдык иш-чара. Бул иш чара дүйнө жүзү боюнча саясий, диний, коомдук жана бизнес элитанын ортосунда мамилелерди куруу жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө багытталган. Аталган иш-чара АКШнын Президентинин,  Өкмөттүн жана АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн салттуу түрдө катышуусу менен өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK