Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясы "С5 + 1" форматындагы (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШ) кезектеги жолугушууга катышты

3394

2021-жылдын 15-июлунда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясы "С5 + 1" форматындагы (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШ) кезектеги жолугушууга катышты.

Жолугушуунун негизги темасы болуп, Афганистандын аймагынан коалициялык аскерлердин чыгып кетишине байланыштуу бул өлкөнүн айланасындагы кырдаал талкууланды. Кыргыз тарабы Афганистандан келип чыккан чек ара коркунучтарына тынчсыздануусун билдирип, чыр-чатакты жөнгө салууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, бул биринчи кезекте афган ичиндеги диалогго негизделиши керектигин билдирди.

Мындан тышкары, коронавирус пандемиясынын терс кесепеттерин жоюу темасы, анын ичинде вакциналарды мамлекеттер арасында бирдей бөлүштүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташуу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары Афганистандан келип чыккан коркунучтарга каршы туруу жана туруктуулукту бекемдөө каражаты катары экономика жана коопсуздук жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга макулдашышты.

 

Маалымат булагы: https://mfa.gov.kg/ru/osnovnoe-menyu/press-sluzhba/novosti/v-gtashkent-delegaciya-kyrgyzskoy-respubliki-prinyala-uchastie-v-ocherednoy-vstreche-v-formate-s51-kazahstan-kyrgyzstan-tadzhikistan-turkmenistan-uzbekistan-i-ssha

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK