Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Вашингтондо өткөн конференцияга катышып сөз сүйлөдү

2300

2022-жылдын 5-майында Вашингтон шаарында Америка Кошмо Штаттарынын Каспий аймагы жана Борбор Азия өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгына арналган конференция өткөрүлдү.

Жыйынга АКШнын мамлекеттик катчысынын энергетикалык дипломатия боюнча жардамчысынын орун басары Лаура Лохман, ошондой эле Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Грузиянын жана Түркиянын элчилери катышышып, сөз сүйлөштү. 

Иш-чаранын негизги темасы АКШ менен Түштүк Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соңку 30 жылдагы кызматташтыгына, Каспий аймагындагы ички саясий процесстерди талкуулоого арналды. Конференциянын катышуучулары эл аралык энергетикалык коопсуздук жана аталган өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты  жакшыртууга басым жасашты.

Өз сөзүндө элчи Бакыт Аманбаев АКШнын Каспий жана Борбордук Азия региондорунун ортосундагы  кызматташтыктын соңку 30 жылдагы өнүгүшүнө кеңири токтолду. Андан соң Б.Аманбаев кыргыз өкмөтү америкалык бизнести жана инвесторлорду өлкөдөгү гидроэнергетика, айыл чарба, туризм тармагынан баштап маалыматтык технологияларга чейинки багыттарга чейин тартуу үчүн жаңы, эки тарапка тең пайдалуу чечимдерди издөөгө ар тараптуу даяр экенин белгиледи. «Кыргыз өкмөтү чет өлкөлүк инвестия үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча ар тараптуу иш алып барууда. Бул багытта  канадалык алтын өндүрүүчү эң ири «Центерра Голд» компаниясы менен  жакында түзүлгөн тынчтык келишими да кыргыз бийлигинин мындай аракетин далилдеп турат», деген оюн ортого салды Бакыт Аманбаев.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы ошондой эле  Каспий саясат борборунун өкүлдөрүнө аталган региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча  жасаган ишмердүүлүгү үчүн  ыраазычылык билдирип, борбордун 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK