Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Отунбаев Монголиянын АКШдагы Элчиси Ё.Отгонбаяр менен жолугушуу өткөрдү
2019-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Отунбаев Монголиянын АКШдагы Элчиси Ё.Отгонбаяр менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу негизде кызматташууну, ошондой эле Кыргызстан жана Монголиянын Америка Кошмо Штаттары ортосундагы учурдагы абалы жана келечектеги мамилелери боюнча тараптар пикир алмашышты.