Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Борбордук Азиядагы Америка Университетинин президенти Э.Качинс менен жолугушту

4078

2019-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Борбордук Азиядагы Америка Университетинин президенти Э.Качинс менен менен жолугушуу өткөрдү.

Элчи Б.Отунбаев Э.Качинсти Борбордук Азиядагы Америка Университетинин президенти болуп дайындалышы менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады. Э.Качинс заманбап дүйнөлүк шарттарга жооп берчү мыкты билим берүү стандарттары боюнча программасын андан ары өнүктүрүү пландары менен бөлүштү.

Элчи Б.Отунбаев Борбордук Азиядагы Америка Университети биздин өлкөдө американын билим берүүнүн мыкты салттарында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган ишин жогору баалады.

Элчи Б.Отунбаев жана президент Э.Качинс коом, мамлекеттик кызмат жана экономика тармактарынын санариптештирүү боюнча суроо-талапка жооп берүүчү жогорку технологиялуу кесиптерди өздөштүрүшүүгө багытталган Инновациялык колледжинин ачылганын белгилешти.

Тараптар Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн АКШ окуу программаларын мамлекеттик органдар менен кызматташуусун жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн түзүү тууралуу талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK