Америкалык «Boeing» компаниясынын жогорку деңгээлдеги жетекчилери Кыргыз Республикасына барышат

1165

7-декабрда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев «Boeing» компаниясынын Вице-президенти Монти Фрейзер жана “Boeing” компаниясынын Евразия боюнча директору Марио Эбчим менен жолугушту. Жолугушууда канткенде эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Элчи Б. Аманбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук авиациясын ар тараптуу өнүктүрүү Президент Садыр Жапаровдун кыргыз өкмөттүнүн алдына койгон эң башкы маанилүү тапшырмаларынын бири экендигин баса белгилеп,  кыргыз авиациясын кантип өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын ортого салды.

Бакыт Аманбаев Кыргыз Республикасынын Евразия континентинин чок ортосунда, Борбор Азиянын жүрөгүндөгү аябай ыңгалуу географиялык точкада жайгашкандыгын айтып, келечекте Кыргыз Республикасы түндүк менен түштүктү, батыш менен чыгышты байланыштырган жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу бирден бир борборго айлануу мүмкүнчүлүгү бар экендигин жана ушул багытта кызматташууну жакшыртууга чакырды.

Америкалык тараптар Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендигин билдиришти. Натыйжада, “Boeing” компаниясынын Евразия боюнча директору Марио Эбчим ушул жылдын декабрь айынын соңунда иш сапары Кыргызстанга бараарын убада кылып, иш сапары  жемиштүү болсо, келээрки жылдын башында “Boeing” компаниясынын жогорку деңгелдеги жетекчилеринин Кыргызстанга иш сапары менен бараары макулдашылды.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, Бакыт Аманбаев ушуну менен «Воеing» компаниясынын өкүлдөрү менен ушул жылы экинчи жолу жолугушту.

 


 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK