Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Отунбаев «Integra Engineering Group LLC» компаниясынын жетекчилери менен жолугушту

7213

2019-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев "Integra Engineering Group LLC" компаниясынын жетекчиоери Дж.Сайдилканов жана А.Аблабеков менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган компаниянын америка тарабы менен кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун, ошондой эле Кыргызстанга америкалык бизнести жана инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап пикир алмашты.

"Integra Engineering Group LLC" – материалдарды, эмгек, технология жана каржылык ресурстар натыйжалуу жана оптималдуу пайдалануу менен объектилерди долбоорлоо, куруу жана киргизүү үчүн тийиштүү инженердик кызматтын кенен спектри менен камсых кылган эл аралык курулуш компаниясы.

Чет өлкөлөрдөгү долбоорлордон тышкары, «Integra Engineering Group LLC» Кыргызстанда Манас-2 аэропортунун VIP терминалын, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл эл аралык аэропортун, Ош эл аралык аэропортун, Башкы прокуратуранын имаратын, Борбордук Азиядагы Университеттин (Нарын шаары), Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигин куруу жана уюштуруу менен байланышкан долбоорлорду ишке ашырган. Мындан тышкары, компания гидроэнергетика тармагында бир катар долбоорлорду ишке ашырды,  анын ичинде Ат-Башы ГЭСин өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Азыркы учурда, "Integra Engineering Group LLC" Бишкек шаарында дүйнөгө белгилүү Novotel маркасындагы мейманкана куруу, ошондой эле башка бир нече ири долбоорду жүзөгө ашыруу менен алектенет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK