Кыргызстандагы диний эркиндиктин абалы талкууланды

4574

2019-жылдын 30-сентябрында Вашингтон шаарында Министр Чыңгыз Айдарбековдун АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык диний эркиндик маселелери боюнча Өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчиси Сэмюэль Браунбэк менен жолугушуусу болуп өттү.
Адам укуктарын, анын ичинде, диний эркиндикти камсыз кылуу бөлүгүн коргоону жана сактоону Кыргызстан жактаары Министр тарабынан баса белгиленди.
С.Браунбэк, өз кезегинде, демократиялык өнүгүү жана диний эркиндикти сактоо маселелеринде Кыргыз Республикасынын региондогу лидерлик ролун белгилеп, Кыргызстан бул багытта өз прогрессин улантаарына ишеним артты.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK