Канададагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Канаданын генерал-губернатору Ж.Пейеттке ишеним грамоталарын тапшырды

5411

 

2020-жылынын 9-12-мартында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Отунбаев резиденциясы Вашингтон шаарында жайгашкан Канададагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары ишеним грамоталарын берүүгө Оттава шаарына сапар өткөрдү.

Ишеним грамоталарын тапшыруу аземи 2020-ж. 11-мартында Ж.Пейетт Канаданын Генерал-губернаторунун резиденциясында өттү, аземдин учурунда Ж.Пейетт эки өлкөнүн демократия жана парламентаризмге биргелешкен милдеттенмелерди баса белгилеп Кыргыз Республикасы жана Канаданын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун бекемдөөсүнө үмүттөнөөрүн билдирди.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Канада менен кызматташууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарында толук эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө Кыргыз Республикасынын даяр экендигин билдирди. Жолугушууун алкагында Канада тарабы тоо-кен өнөр жайы менен эле чектелбей, экономикалык кызматташууга жана кызматташтыктын багыттарын кеңейтүүгө басым жасоого чакырылды.

Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты канааттануу менен белгиледи.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK