2020-жылдын 4-майынан 10-майына чейин Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин ишмердүүлүгү жөнүндө

5235

2020-жылдын 4-майынан 10-майына чейин Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнө акыркы бир жумада жарандардын келип түшкөн кайрылуулар жана консулдук аракеттер жөнүндө маалымдайбыз.

Жалпысынан бир жуманын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынан 234 кайрылуу келип түшкөн:

7 консулдук кызмат көрсөтүлгөн;

123 электрондук кайрылууларга жооптор берилген;

104 телефон чалуулар кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилиги учурдагы эпидемиологиялык кырдаалда, COVID-19 пандемиясынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын жарандарына телефон жана электрондук почта аркылуу консультациялык кызматтарды көрсөтүп, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алууну улантууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK