Президент Сооронбай Жээнбеков: Мекенге болгон атуулдук сезим — энеге болгон сүйүүдөн башталат

5179

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Кымбаттуу энелер!

Баарыңыздарды бүгүнкү Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Биз эзелтеден бери энелерге ыйык сезимди, терең сый-урматты ыроолоп келген элбиз.

Өлкөбүздүн азыркы жана келечек турмушунда энелердин орду өзгөчө бийик.

Энелер — жашоонун башаты, үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен, коломтонун ээси, коомубуздун уюткусу, жалпы мекенибиздин куту.

Жаштарыбыздын руханий көрөӊгөсү, мекенге болгон сүйүүсү, атуулдук сезими — энелердин мээриминен башталат, алардын таалим-тарбиясына барып такалат. 

Ар бир бала — эненин мээрими аркылуу өз элин, жерин, мамлекетин сүйөт. Мекенге болгон атуулдук сезим — энеге болгон сүйүүдөн башталат.                                                                                                          

Энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо, аларды социалдык жактан колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты.          

Энелик мээримин төгүп, коомубуздун эртеңкисин, мамлекетибиздин келечегин аныктай турган татыктуу балдарды тарбиялап жаткан апалардын ар бирине ыраазылык билдирем.

Урматтуу Энелер, майрамыңыздар менен! Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бактылуу жашоо каалайм!»

 

Булак: http://prezident.kg/kg/okujalar/16694_prezident_sooronbay_gheenbekov_mekenge_bolgon_atuulduk_sezim_enege_bolgon_sydn_bashtalat

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK