2020-жылдын 8-июнунан 14-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин ишмердүүлүгү жөнүндө

5416

2020-жылдын 8-июндан 14-июнга чейин Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнө акыркы бир жумада жарандардын келип түшкөн кайрылуулар жана консулдук аракеттер жөнүндө маалымдайбыз.

Жалпысынан бир жуманын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынан 436 кайрылуу келип түшкөн:

 15 консулдук кызмат көрсөтүлгөн;

196  электрондук кайрылууларга жооптор берилген;

255 телефон чалуулар кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Вашингтондогу элчилиги АКШдагы учурдагы кырдаалды көзөмөлдөөнү улантууда жана АКШда жашаган мекендештерибизди сактык чараларын сактоого жана эл көп чогулган жерлерден алыс болууга үндөйт.

Эгерде сиз ушул окуялардын натыйжасында каза болгон, жабыркаган же кармалган Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө маалымат алсаңыз, анда тез арада Элчиликтин kgconsulate.washington@mfa.gov.kg же kgembassy.usa@mfa.gov.kg электрондук почталары аркылуу билдирип коюшуңузду өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK