Курман Айт тууралуу жарнама
Урматтуу АКШ жана Канада аймагында жашап жаткан кыргызстандыктар,
Кыргызстандын Дин башкармалыгынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылы Курман айтты белгилөө 31 - июлга туш келүүдө.
КРнын Эмгек кодексине ылайык Курман айт майрамы эс алуу күнү болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, 2020-жылдын 31 - июлу Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги иштебей тургандыгын маалымдайбыз.
Урматтуу мекендештер, учурдан пайдаланып Ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз.
Ар бириңиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ырыскы-ынтымак каалайбыз.