Канадада жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн COVID-19 учурунда Кыргызстанга жардам көрсөтүү аракеттери жөнүндө

4210

 

Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги Канадада жашаган мекендештерибизге өлкөдөгү татаал эпидемиологиялык кырдаалды жоюуда биздин Мекенге жана анын жарандарына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилиги Канадада жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн аракеттери жөнүндө төмөнкү маалыматтарды берет:

Бүгүнкү күнгө чейин биздин мекендештер 10000ден ашык канадалык доллар чогултту.

Квебекте жашаган кыргыздар Бишкек жана Каракол шаарынын тургундарына азык-түлүк пакеттерин сатып алуу үчүн бир нече транш аркылкк - 1300 канадалык доллар финансылык жардамды көрсөтүштү.

Ассоль Молдокматованын фондуна 800 канада долларын жиберишти.

Военно-Антоновка айылында балдар үйүнө жана аз камсыз болгон үй бүлөлөргө азык-түлүк пакеттерин сатып алууга 400 канадалык доллар жөнөтүлдү.

Квебек жана Ванкувердеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү 2680 канадалык доллар өлчөмүндө каражат топтошту.

Альберта, Онтарио, Манитоба, Саскачеван, Улуу Британиялык Колумбиядан келген биздин мекендештер кычкылтек концентраторлорун сатып алуу үчүн 4075 канадалык доллар чогултуп, алар Ысык-Көл облусунун Түп аймактык ооруканасына жөнөтүштү.

Альбертадагы Кыргыз ассоциациясынын өкүлдөрү жардамдын экинчи этабынын алкагында каражат топтоо үчүн каттама бышыруу боюнча онлайн мастер-класс уюштурушту. 1700 канада долларын чогултуп, мекендештерибиз жеке коргоо каражаттары жана башка керектүү дары-дармектерди өлкөнүн аймактарына жөнөтүүнү пландаштырууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK